ОшМУнун окутуучулары санариптик билим берүү боюнча тажрыйба бөлүштү

Anasayfa Haberler

ОшМУнун окутуучулары санариптик билим берүү боюнча тажрыйба бөлүштү

Image

Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде санариптик билим берүү, окутууну автоматташтыруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү. 

Автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын доценти Алтынбек Кудуев “PDF документтер менен иштөөчү программалар” темасында лекция окуду. Ал бул программаларды натыйжалуу колдонуу жолдорун практикалык негизде көрсөтүп берди. Ошондой эле санариптик билим берүү чөйрөсүнүн заманбап тенденциялары жана маалыматтык системалардын окуу процессиндеги ролу тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары окутуучу Эльстан Дарбанов колдонмо информатиканын методдорун санариптик билим берүү чөйрөсүнө интеграциялоо жана илимий изилдөөлөрдө маалыматтык технологияларды пайдалануу тууралуу баяндама жасады. Ал MyTe Digital Education Platform платформасынын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, өзүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү.

Ал эми окутуучу Бегимай Кыргызбаева билим берүүдө колдонулуучу санариптик куралдардын практикалык мааниси, маалыматтык технологияларды окуу процессинде натыйжалуу колдонуу боюнча мисалдарды көрсөттү.

Иш-чаранын соңунда Ош мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан окутуучуларга “Ыраазычылык кат” тапшырылды.

 

fotoğraf Galerisi