ОшМУда 12 жылдык окутууга өтүү маселелери талкууланды

Anasayfa Haberler

ОшМУда 12 жылдык окутууга өтүү маселелери талкууланды

Image

12-мартта Ош мамлекеттик университетинде «Педагогикалык адистиктердин бүтүрүүчүлөрүн 12 жылдык мектепте иштөөгө даярдоо» темасында тегерек стол өттү.

Иш-чарага университеттин усулдук дисциплиналар, педагогика жана психология кафедраларынын окутуучулары, Ош шаарынын жана райондордон мектеп директорлору, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле Ош облустук билим берүү институтунун кызматкерлери катышты.

Жыйын талкуу форматында өттү. Анда Кыргызстанда 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүү шартында болочок мугалимдерди кантип даярдоо керектиги тууралуу сөз болду. Катышуучулар бул тармактагы программаларды жаңылоо, жаңы стандарттарды ишке ашыруу, мугалимдердин кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана педагогикалык практиканы уюштуруу маселелерине токтолушту. Мындан тышкары мектептердин жаңы талаптарына ылайык окуу пландарын жаңылоо жана окуу-усулдук материалдарды даярдоо маселелери да көтөрүлдү. Ошондой эле жогорку окуу жайларында колдонулушу мүмкүн болгон «3+1,5» билим берүү модели талкууланып, анын артыкчылыктары, мүмкүн болгон кыйынчылыктары айтылды.

Тегерек столдо ОшМУнун бир катар институттарынын окутуучулары  тарабынан баяндамалар жасап, өз сунуштарын билдиришип, жыйынтыгында резолюция кабыл алышты. Анда мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жана предметтик мугалимдерди сапаттуу даярдоодо усулдук дисциплиналар кафедраларынын ролу маанилүү экени белгиленди.

Иш-чара педагогика илимдеринин доктору, профессор Аида Келдибекова жана филология илимдеринин кандидаты, доцент Диларам Мадаминова тарабынан уюштурулду.

 

fotoğraf Galerisi