ОшМУда Нооруз майрамына карата улуттук каада-салттар көрсөтүлдү

Anasayfa Haberler

ОшМУда Нооруз майрамына карата улуттук каада-салттар көрсөтүлдү

Image

 

16-мартта окуу жайда Нооруз майрамына карата кыргыз элинин каада-салттарын, улуттук оюндарын жана элдик ырларын чагылдырган маданий сынак уюштурулду. 

Сынакка Педагогика, искусство жана журналистика институттарынын студенттеринен түзүлгөн 19 команда катышты. Алар тушоо кесүү, кыз узатуу, үйлөнүү той жана кошок айтуу сыяктуу каада-салттарды сахналаштырып көрсөтүштү.

Университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова сынактын биринчи этабы башталганын белгилеп, жыйынтыгында мыкты үч команда аныкталарын айтты. Биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген командалар институт директорлорунун демилгеси менен кураторлору болуп Арсланбап эс алуу жайына жолдомо алышат.

Иш-чара  президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол жарлыгынын алкагында өткөрүлдү. Максаты – улуттук баалуулуктарды даңазалоо, кыргыз элинин салт-санаасын жаш муундарга жеткирүү жана студенттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн колдоо болду. 

Ош мамлекеттик университетинде Нооруз майрамына арналган негизги салтанат 20-март күнү Ош шаарындагы Барпы сейил багында өтөт.

 

fotoğraf Galerisi