Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинде Борбор Азиядагы DAAD аймактык кеңсесинин директору Гизела Циммерман менен онлайн жолугушуу уюштурулду. Ага факультеттин студенттери, окутуучулары жана жетекчилиги катышты.
Анда катышуучулар DAAD стипендиялык программалары, академиялык мобилдүүлүк жана эл аралык тажрыйба алмашуу боюнча маалымат алышты. Ошондой эле магистратура, дипломдон кийинки билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, илимий-изилдөө иштеринин келечеги тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди.
Медициналык факультеттин өкүлдөрү жайкы мектептерге, эл аралык изилдөө долбоорлоруна катышуу, ошондой эле коомдук саламаттыкты сактоо жана менеджмент багыттары боюнча магистратурага тапшырып, стипендия алуу мүмкүнчүлүктөрү бар экени белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Мындан тышкары быйыл апрелде офлайн форматта жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү да талкууланды.