Окутуучулар эл аралык фразеологиялык конференцияда тажрыйба алмашты

Anasayfa Haberler

Окутуучулар эл аралык фразеологиялык конференцияда тажрыйба алмашты

Image

Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунун окутуучулары Москва шаарында өткөн «Жалпы жана орус фразеологиясы: өткөндөн келечекке. Үчүнчү Зимин окуулары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Иш-чара 12-марттан 13-мартка чейин Москва педагогикалык мамлекеттик университетинин базасында уюштурулду. Конференциянын алкагында доцент Сюита Абдыкадырова жана ага окутуучу Суюмкан Абдраманова илимий баяндамалар менен чыгып, өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунушташты. Алар фразеологиянын актуалдуу маселелерине, маданияттар аралык коммуникацияга, тилдеги өзгөрүүлөргө токтолушту.

Жыйынтыгында тараптар мындан аркы илимий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана илимий макалаларды жарыялоо боюнча пландарды белгилешти.

 

fotoğraf Galerisi