ОшМУга бөлүнгөн аймак сейил бакка айланат

Anasayfa Haberler

ОшМУга бөлүнгөн аймак сейил бакка айланат

Image

Ош мамлекеттик университетине жаңы жашыл аймак уюштуруу үчүн жер тилкеси бөлүндү. Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүндө жайгашкан Финансы-юридикалык коллежинин маңдайындагы 30 сотых жер мэрия тарабынан окуу жайга узак мөөнөткө пайдаланууга берилди.

Бул аймак мурда көрүстөн катары пайдаланылып келген. Учурда рекультивация иштери жүргүзүлүп, жер тазаланды. Университет эми бул жерди жашыл сейил бакка айландырууну көздөйт.

Калаада өтүп жаткан жазгы үч айлыктын алкагында аймакта көчөт отургузуу иштери башталды. Иш-чарага шаар мэринин орун басары Эрнис Толтоев, ректор Кудайберди Кожобеков жана окуу жайдын жамааты катышты.

Экологиялык акциянын жүрүшүндө жалпысынан 116 даана ар түрдүү дарак көчөттөрү тигилди. Алардын арасында мажүрүм тал, павловния, крым карагайы, каштан, эмен, ак кайың, пирамидалдык туя жана можжевельник бар.

Жакынкы күндөрү бул жерге кошумча декоративдүү бадалдар жана гүлдөр отургузулары пландалууда. Жаңы сейил бак шаар тургундары жана студенттер үчүн эс алуучу жай болуп, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

fotoğraf Galerisi