ОшМУнун бүтүрүүчүсү эл аралык долбоордо жеңүүчү болду

Anasayfa Haberler

ОшМУнун бүтүрүүчүсү эл аралык долбоордо жеңүүчү болду

Image

 Сынак Казакстандын Нур-Султан шаарында жайгашкан Билим берүү, илим, спорт жаатындагы «Bobek» эл аралык долбоору тарабынан уюштурулган. Конкурска Азирет пандемия шартында онлайн катышкан.

Азирет Заидов уюштуруучулар тарабынан диплом, төш белги менен сыйланып, ал жөнүндө маалыматтар долбоордун алкагында жарык көргөн “КМШнын мыкты студенти-2021” китебине киргизилди.

“КМШнын мыкты студенти-2021” сыйлыгын 29-июлда "Bobek" эл аралык долбоорунун жетекчиси Абиев Еркебулан тапшырды.

Өткөн жылы бул сыйлыкка Кыргызстандык 24 студент татыган.

Университеттин Чыгыш таануу жана тарых факультетинин 2021-жылкы бүтүрүүчүсү Азирет Заидов  өлкөдө эң ири өлчөмдө студенттерге стимул болуучу стипендия болуп саналган ОшМУнун “Атуулдук стипендиясынын” ээси.

 

fotoğraf Galerisi