ОшМУнун 3 окумуштуусу КРдин Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти академиялык наамына шайланышты

Anasayfa Haberler

ОшМУнун 3 окумуштуусу КРдин Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти академиялык наамына шайланышты

Image

Улуттук илимдер академиясында 5-августта академик жана мүчө-корреспонденти деген илимий наамдарга шайлоо болуп өттү.

Шайлоого катышкан ОшМУнун окумуштуулары физика-математика илимдеринин доктору, профессор Гүлбадан Матиева «Математика» багыты боюнча, биология илимдеринин доктору, профессор Таасилкан  Жумабаева «Химия, биология» багыты боюнча, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдрахман Эшиев «Медицина, эпидемиология» багыты боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти академиялык наамына шайланышты.

Окуу жайдын жалпы жамааты окумуштуулардын илимий ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалоо менен өлкөбүздүн билим берүүсүнө жана илимине эбегейсиз зор салымдарды дагы да кошо беришиңиздерге тилектештигин билдирет.

 Буга чейин академик жана мүчө-корреспонденти деген илимий 52 наамга 127 окумуштуу талапкер катары катталган.

Фото галерея