Окутуучулар Өзбекстанда жасалма интеллект боюнча тажрыйба алмашты

Anasayfa Haberler

Окутуучулар Өзбекстанда жасалма интеллект боюнча тажрыйба алмашты

Image

ОшМУнун Тарых жана юридика институтунун доценттери Жылдыз Айтбаева, Нуржамал Эгембердиева, Динара Джунусова, Айнура Жаасынбек кызы Өзбекстандагы  Мирзо Улугбек атындагы улуттук университетте өткөн эл аралык конференцияда илимий изилдөөлөрүн сунушташты.

Жылдыз Айтбаева Кыргызстанда жасалма интеллект өнүгүп жаткан шартта интеллектуалдык менчикти укуктук жөнгө салуунун көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу баяндама жасады. Нуржамал Эгембердиева болсо «Автордук укук жана ага чектеш укуктарды укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү: эл аралык жана улуттук аспект» темасында баяндама жасады. 

Иш-чаранын жүрүшүндө интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын экономиканын ар кандай тармактарына киргизүү механизмдери, ишкердикти, бизнес чөйрөнү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо, авторлордун материалдык кызыкчылыгын жогорулатуу жана контрафакттык продукцияга каршы күрөшүү багыттары боюнча тажрыйбалар сунушталды. 

Сапардын алкагында окутуучулар аталган университеттин студенттерине конок лекцияларын өтүп, эл аралык илимий чөйрө менен байланышты бекемдешти. 

fotoğraf Galerisi