Студенттер күндөн жана шамалдан алынуучу электр энергиясын практика жүзүндө үйрөнө алышат

Anasayfa Haberler

Студенттер күндөн жана шамалдан алынуучу электр энергиясын практика жүзүндө үйрөнө алышат

Image

Ош мамлекеттик университетинде энергетика багытында билим алган студенттер күндөн жана шамалдан алынуучу электр энергиясы боюнча билимдерин лабораторияда бекемдей алышат. 

14-майда Erasmus+ CBHE SILKWAY долбоорунун алкагында өткөн маалымат күнүндө Энергетика кафедрасынын башчысы Зарипбек  Айдарбеков заманбап жабдуулар менен студенттерге практикалык сабак өттү. Катышуучулар заманбап окуу-лабораториялык жабдуулар менен таанышып, кайра жаралуучу энергия, шамал жана гидроэнергетика, фотоэлектр энергиясы, энергия үнөмдөө багыттарында тажрыйба алышты. 

Жабдуулар Erasmus+ CBHE SILKWAY долбоорунун алкагында сатылып алынды. Долбоордун жетекчиси Идирисбек Кенжаев жаңы окуу курстары, долбоордун максаттары, түзүлө турган лабораториялык инфраструктура, келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле долбоордун алкагында аткарылган иштерди  тааныштырды.  

Иш-чарага мамлекеттик мекемелердин, өндүрүш ишканаларынын, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышты. 

SILKWAY долбоору 2024–2027-жылдары ишке ашырылып, окутуунун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында сегиз билим берүү программасы жаңыланып, 12 жаңы аккредитацияланган курс иштелип чыгат. Мындан тышкары заманбап жабдуулар менен камсыздалган төрт лаборатория түзүлүп, 12 техникалык адистер даярдалат. Студенттер тарабынан 60тан ашуун долбоор жүзөгө ашырылат.

 

fotoğraf Galerisi