Орус окумуштуусу ОшМУда

Anasayfa Haberler

Орус окумуштуусу ОшМУда

Image

  Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Орусиянын Президентине караштуу Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын теориялык фольклор таануу лабораториясынын башчысы, PhD доктор Никита Петров менен  жолугушту.

 Жолугушууда окуу жайлар ортосунда кызматташтыктарды бекемдеген долбоорлор менен иштөө, фольклор, социалдык-онтропология багытында биргелешкен  изилдөөлөрдү жүргүзүү, конок лекцияларды уюштуруу багыттарында пикир алышты. Ошондой эле окумуштуу “Манас” эпосун изилдөө менен биргеликте орус, англис тилдеринде которуу алкагындагы чоң долбоордун үстүндө иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Кыргызстанга, анын ичинде Ош шаарына биринчи ирет келген окумуштуу Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышуу үчүн келген. Ал эми ОшМУга аталган конференцияга катышкан профессор Гулина  Жамгырчиева конок катары чакырып, байланыштарды бекемдөө багытында иштерди алып барууда.

Петров Никита Викторович ОшМУнун музейинде болду. Иш сапары Ош шаарындагы тарыхый жайларды, Сулайман-Тоо, Ак-Буура, Чыгыш базарында болуу менен уланат.

Фото галерея