ОшМУнун 2 окумуштуусуна мамлекеттик сыйлык ыйгарылды

Anasayfa Haberler

ОшМУнун 2 окумуштуусуна мамлекеттик сыйлык ыйгарылды

Image

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-августта Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин математикалык анализ кафедрасынын башчысы, профессор Саалы Каримов "Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамы, ОшМУнун  педагогикалык практика бөлүмүнүн башчысы, педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин педагогика кафедрасынын доценти Адылбек  Батыралиев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

 Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон окумуштууларды жалпы  жамааттын атынан куттуктап, чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

Фото галерея