Студенттер Түркмөнстандагы эл аралык сынакта байгелүү орундарды алды

Anasayfa Haberler

Студенттер Түркмөнстандагы эл аралык сынакта байгелүү орундарды алды

Image

Тарых жана юридика институтунун студенттери Ашхабад шаарында өткөн “Эл аралык мамилелер: тынчтык диалогунун маданияты” сынагында байгелүү орундарга ээ болушту.

Мелдешке аларды доцент Гүлназ Чыныкеева даярдап алып барды. Катышуучулар эл аралык дипломатия, этностор аралык мамиле, тынчтык маданиятын калыптандыруу боюнча илимий макалаларын сунушташты. Жыйынтыгында Эмир Кубанычов биринчи орунду алды. Ал эми Жаңылай Алтынбек кызы менен Нуриза Жумакеева экинчи орунга татыктуу болушту.

Сынак “Түркмөнстандын тышкы саясаты жана дипломатиясы: тынчтык, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк” эл аралык илимий-практикалык конференциясынын алкагында уюштурулду.

Илимий жыйындын алкагында Гүлназ Чыныкеева эл аралык кызматташтык, аймактык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү боюнча баяндама жасады. Ал Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы тарыхый, илимий, билим берүү багытындагы кызматташтык тууралуу да айтып өттү.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификат, сыйлыктар тапшырылып, эл аралык илимий байланыштарды өнүктүрүү боюнча макулдашуулар белгиленди.

fotoğraf Galerisi