ОшМУ Приволжск медициналык изилдөө университети уюштурган вебинарга катышты

Anasayfa Haberler

ОшМУ Приволжск медициналык изилдөө университети уюштурган вебинарга катышты

Image

Приволжск медициналык изилдөө университети уюштурган вебинарда  Ош мамлекеттик университети, Ташкент медициналык академиясынын Термездеги филиалы, Ташкент мамлекеттик стоматологиялык институту, Самарканд медициналык институту, Андижан мамлекеттик медициналык институту пикир алышты.

 Приволжск медициналык изилдөө университетинин ректору  Николай Карякин окуу жай тууралуу маалымат берип, учурда Орто Азиянын университеттери менен биргелешкен билим берүү программалары боюнча жигердүү иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.

ОшМУнун атынан эл аралык байланыштар департаментинин директору А. А. Абдувалиев, Медицина факультетинин деканы А. Исмаилов, академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы С. Амиралиевдер катышты.

2020-2021-окуу жылы биргелешкен билим берүү программасы боюнча ОшМУ Приволжск медициналык изилдөө университети менен келишимге кол койгон, учурда “Дарылоо иши” жана “Стоматология” багыттарынын окуу пландары иштелип жатат.

Приволжск медициналык изилдөө университети Россиядагы медициналык окуу жайлардын эл аралык рейтингинде эң алдыңкы үчтүккө кирет.

 

Фото галерея