ОшМУнун студенти “Кыргызстан жылдызы” вокалдык сынагында 1-орунга ээ болду

Anasayfa Haberler

ОшМУнун студенти “Кыргызстан жылдызы” вокалдык сынагында 1-орунга ээ болду

Image

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына,   Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги  “Кыргызстан жылдызы” вокалдык сынагын уюштурду.

Сынактын финалдык беттешинде  ОшМУнун искусство факультетинин 2-курсунун студентттери   Дастан Мырзаев Ош облусунун атынан,  Арууке Кубатбекова Жалал-Абад облусунун атынан жеңүүчү катары катышты.

Жыйынтыгында  7 дубандын мыкты таланттарынын ичинен Дастан Мырзаев 1-орунду багындырды.  Ошондой эле sms билдирүү боюнча “Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон” ырчы номинациясын алып, 50 000 сомдук сертификат менен, ал эми Арууке Кубатбекова диплом менен сыйланды.

 “Дастан вокал сабагынан менин классымда таалим алып келүүдө. Жеңиши менен чын дилден куттуктаймын.  Окуткан агай эжелердин тарбиясын жакшы алып, студенттерибиз мыкты өнөр ээси жана элдин уулу, элдин кызы болуусуна тилектешмин”, -дейт устаты, ОшМУнун окутуучусу Эламан Жалалов. 

“Кыргызстан жылдызы”  вокалдык сынагында Эрлан Борошов баш байгеге ээ болду.

Жеңишке жеткен студенттерибиз Дастан Мырзаевди жана Арууке Кубатбекованы ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан куттуктап, окууларына, чыгармачылыгына ийгиликтерди каалайбыз!

Фото галерея