"Билим берүү жөнүндө " мыйзам долбоору 1-октябрга чейин коомдук талкууга коюлду

Anasayfa Haberler

"Билим берүү жөнүндө " мыйзам долбоору 1-октябрга чейин коомдук талкууга коюлду

Image

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2020-жылдын 13-ноябрында берилген көрсөтмөнүн негизинде ОшМУда  атайын жумушчу топ  иштеп "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун жана  “Билим жана коом”  мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча долбоорун сунуштаган.

"Билим берүү жөнүндө " Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору билим берүү жана илим тармагында алты мыйзам актыларын: “Билим берүү жөнүндө”, “Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө”, “Жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларына тамак-аш берүүнү уюштуруу жөнүндө” жана 50дөн ашык чакан мыйзам актылары ичине камтыйт. Мыйзам инвентаризация ченемдик-укуктук базасын оптимизациялоого багытталган.  Алты мыйзамдын ордуна “Билим берүү жана илим жөнүндө” бирдиктүү мыйзам кабыл алуу сунушталууда.

Бул долбоор кабыл алынган Конституцияга ылайык келет жана мезгилдин талаптарына жооп берген жаңы нормаларды, анын ичинде адеп-ахлактык тарбияны, билим берүү мекемелеринин базасында илимий-өндүрүштүк комплекстерди түзүүнүн ченемдерин, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын мектептик билим берүүгө киргизүү жана илимий-техникалык иштеп чыгууларды коммерциялаштыруунун жаңы нормаларын камтыйт.

2021 -жылдын 2 -сентябрында "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн Бирдиктүү порталында жарыяланды. Долбоордун коомдук талкуусунун акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 1 –октябрында аяктайт. Долбоорго сунуш, пикирлерди  калтыруу үчүн  www.koomtalkuu.gov.kg сайтында катталып, пикир калтырууга болот.