ОшМУнун окумуштуулары «Кулун-Ата» коругунда илимий изилдөө жүргүзүштү

Anasayfa Haberler

ОшМУнун окумуштуулары «Кулун-Ата» коругунда илимий изилдөө жүргүзүштү

Image

19-21-июль күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун география, биология багытындагы окумуштуулары «Кулун-Ата» мамлекеттик жаратылыш коругуна илимий экспедиция уюштурушту.

Адистер коруктун экосистемасынын абалын изилдеп, жаратылышты коргоо жана аймакта экологиялык туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштарын даярдашты.

Изилдөөнүн акыркы күнүндө аймакта ири сел жүрүп, дарыянын нугу убактылуу тосулган. Натыйжада коруктун Мазар участкасында жаңы көл пайда болгон. Окумуштуулар бул көрүнүштү жаратылыштагы өзгөрүүлөрдү, алардын аймактын ландшафтына тийгизген таасирин изилдөө үчүн маанилүү маалымат катары баалашты.

Алардын айтымында, корук аймагында туризмди өнүктүрүүдө жаратылышты сактоо талаптары жана коопсуздук эрежелери биринчи орунда турушу керек.

Экспедиция аймактагы биологиялык ар түрдүүлүктү изилдөө, экологиялык мониторинг жүргүзүү, жаратылыш байлыктарын туруктуу пайдалануу боюнча илимий иштерди өнүктүрүү максатында демилгеленди. 

Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу Кара-Кулжа районунда жайгашкан. Корук батыш Теңир-Тоонун уникалдуу жаратылыш комплекстерин, арча жана ийне жалбырактуу токойлорду, өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүн, тоо көлдөрүнүн экологиялык системасын сактоо максатында 2004-жылы уюштурулган.

Коруктун аймагында жаныбарлардын 32 түрү, өсүмдүктөрдүн 808 түрү кездешет. Кулун-Ата коругу жаратылыш шарттарынын ар түрдүүлүгү, биологиялык байлыгы жана уникалдуу экосистемалары менен өзгөчөлөнөт.

 

fotoğraf Galerisi