ОшМУда финансылык сабаттуулук боюнча лекция өттү

Anasayfa Haberler

ОшМУда финансылык сабаттуулук боюнча лекция өттү

Image

«Депозиттерди коргоо системасы жана финансылык сабаттуулук» аттуу конок лекцияны Кыргызстандын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев өттү.  Иш-чараны ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева ачып берди. 

Лекция 19-сентябрда уюштурулуп, ага  ОшМУнун окутуучулары, студенттери катышты. Анда депозиттерди коргоо системасы, банктагы аманаттарды коргоо механизмдери, финансылык сабаттуулук боюнча маалыматтар берилди. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жеке каражаттарды туура башкаруу, депозиттерди коргоо механизмдери тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

fotoğraf Galerisi