ОшМУда «Тил билги» таймашы өттү

Anasayfa Haberler

ОшМУда «Тил билги» таймашы өттү

Image

23-сентябрда Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгондугунун 37 жылдыгына арналган «Тил билги» интеллектуалдык таймашы өттү.

Иш-чараны институттун директору Бектур Азимов ачып, кыргыз тилин билүү IT тармагындагы адистер үчүн да маанилүү экенин белгиледи. Ал жасалма интеллектти кыргыз тилинде өнүктүрүү, IT программаларын кыргызчалоо аркылуу эне тилге салым кошуу зарылдыгын айтты.

Таймашта студенттер кыргыз тили, улуттук баалуулуктар, каада-салт, макал-лакаптар жана фразеологизмдер боюнча суроолорго жооп берип, билимин, логикалык ой жүгүртүүсүн сынашты. Жыйынтыгында активдүү катышкандарга сыйлыктар тапшырылды.

Интеллектуалдык таймашты факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары Тазагүл Айбашова, Назгүл Тахирова уюштурушту.

 

fotoğraf Galerisi