Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлү ОшМУда болду

Anasayfa Haberler

Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлү ОшМУда болду

Image

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жана "Якуземи" маалыматтык билим берүү борборунун өкүлү,  PhD доктор Накаджима Дайске  менен жолугушту. 

Жолугушууда JICA жана "Якуземи" маалыматтык билим берүү борбору КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте фармацевттерди даярдоо боюнча кошумча билим берүү программасын иштеп чыгуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча сөз болду.  Накаджима Дайскенин айтымында бул долбоор ишке ашса    келечекте Кыргызстандагы бүткүл фармацевттер окуудан өткөн соң бирдиктүү улуттук экзамен тапшырып, андан соң фармацевттик чөйрөдө иштөөгө укук алат. Фармацевттер долбоор сунуштаган окуудан онлайн билим алып, окуу акысыз болот.

 Учурда Кыргызстандагы 3 жогорку окуу жайы бул долбоорго пилоттук негизде катышуу алдында турат.

Долбоордун өкүлдөрү октябрь айында ОшМУнун фармацевт окутуучулары менен жолугуп, сунуш-пикирлерин угат. Ошондой эле февраль-март айларында окутуучулар онлайн окуудан өтүшөт. Окуунун алдында жана кийин окутуучулардан тесттер алынып, кандай жыйынтык берилгени талкууланат.

ОшМУнун проректору З.Божонов ОшМУ өнүгүүгө багыттаган  долбоорлорду дайыма колдой тургандыгын белгиледи. Жолугушууга Медицина факультетинин базистик жана клиникалык фармакология курсу менен фармацевтикалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Азизбек Раззаков да катышты.

Фото галерея