ОшМУнун доценти өлкөдө социалдык инновациялар лабораториясын түзүүнү сунуштады

Anasayfa Haberler

ОшМУнун доценти өлкөдө социалдык инновациялар лабораториясын түзүүнү сунуштады

Image

25-сентябрда Жогорку Кеңеште өткөн жыйында ОшМУнун социалдык иштер кафедрасынын доценти Нурзыйнат Токторбекова Кыргызстанда социалдык инновациялар лабораториясын түзүүнү сунуштады.

Ал бул сунушун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда социалдык иштердин ролун күчөтүү зарылдыгы менен байланыштырды. Лаборатория аялдарды, үй-бүлөлөрдү жана калктын аялуу катмарларын колдоого багытталган жаңы чечимдерди иштеп чыгууга жардам берет. Ошондой эле социалдык көйгөйлөрдү талдап, натыйжалуу ыкмаларды практикада колдонуу максаты коюлат.

Жыйында аялдардын лидерлиги, укуктарын коргоо, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик теңчилик маселелери талкууланды. Катышуучулар бул багыттар боюнча пикир жана тажрыйба алмашты.

Иш-чара Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча «БУУ-Аялдар» түзүмү менен биргеликте уюштурулду.

fotoğraf Galerisi