ОшМУнун кызматкерлери билим берүүнүн жаңы горизонттору форумуна катышты

Anasayfa Haberler

ОшМУнун кызматкерлери билим берүүнүн жаңы горизонттору форумуна катышты

Image

2–3-октябрда Билим берүүнүн сапаты жана рейтинг бөлүмүнүн кызматкерлери Казакстанда өткөн Борбор Азиянын эл аралык форумуна катышты.

Иш-чара «Жасалма интеллект жана санариптик технологиялар доорунда сапатты жакшыртуу: билим берүүнүн жаңы горизонттору» деген темада уюштурулду.

Форумга ENQA, EQAR, WFME сыяктуу эл аралык тармактар менен ассоциациялардын өкүлдөрү, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Улуу Британия, Түркия, Молдова, Болгария жана башка өлкөлөрдүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен эксперттери катышты.

Талкуулардын жүрүшүндө билим берүүнүн сапатын камсыздоо, аккредитация, рейтинг түзүү, санариптик технологиялар менен жасалма интеллектти билим берүү тармагында колдонуу маселелери козголду. Катышуучулар эл аралык тажрыйба менен бөлүшүп, пикир алмашты.

Форум Аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиктин (IAAR) 15 жылдыгына карата өткөрүлдү.