Доцент Жумали Адилбаев ардактуу эс алууга узатылды

Anasayfa Haberler

Доцент Жумали Адилбаев ардактуу эс алууга узатылды

Image

Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунун доценти, тарых илимдеринин кандидаты Жумали Адилбаевди ардактуу эс алууга узатууга арналган салтанат өттү.

Ал окуу жайда 56 жыл илимий-педагогикалык ишмердүүлүк жүргүзүп, бир нече муунга билим берген.

«Устаттык жол – улуу мурас: билим чырагын жаккан жарым кылым» аттуу иш-чарага профсоюз комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров, аталган инститтун директору Жылдыз Айтбаева, профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрү жана устаттын шакирттери катышты. Салтанатта Жумали Адилбаевдин университеттеги көп жылдык эмгегин чагылдырган тасма көрсөтүлдү. Андан соң окуу жай жетекчилиги, кесиптештери, шакирттери анын кесиптик жолу, адамдык сапаттары жана билим берүү тармагына кошкон салымы тууралуу жылуу пикирлерин билдиришти.

Салтанаттын соңунда кесиптештери, шакирттери устатка көп жылдык эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, ак батасын алышты. Жумали Адилбаев ардактуу эс алууга узатылды.

Жумали Адилбаев 1948-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Камыш айылында төрөлгөн. 1966–1969-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетинде билим алып, 1969–1970-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окуусун уланткан.

Эмгек жолунда ОшМУда улук окутуучу, доцент, жалпы тарых кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Ошондой эле юридика факультетинин алгачкы деканы, укук таануу кафедрасынын башчысы, тарых факультетинин доценти, гуманитардык факультеттин деканы кызматтарын аркалаган. Мындан тышкары Москва ишкердик жана укук институтунун Оштогу филиалында проректор болуп эмгектенген. 2006-жылдан тартып ОшМУда жаш муундарга билим берип келген.

Окумуштуунун 80ге жакын илимий эмгеги жарык көргөн. Алардын арасында окуу китептери жана окуу-усулдук колдонмолор бар. Жумали Адилбаев көп жылдык эмгеги үчүн бир катар сыйлыктарга татыган. 2003-жылы «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган. 2014-жылы ОшМУнун «Эмгек сиңирген ишмери» наамын алган. Ошондой эле университеттин «Мыкты лектору», «Мыкты автор» наамдарына жана башка сыйлыктарга ээ болгон. 2025-жылы Жогорку Кеңештин медалы жана ОшМУнун «Эмгек сиңирген ишмери» медалы менен сыйланган.

fotoğraf Galerisi