Чыгыш таануу институту Өзбекстандын ЖОЖдору менен кызматташууну кеңейтет

Anasayfa Haberler

Чыгыш таануу институту Өзбекстандын ЖОЖдору менен кызматташууну кеңейтет

Image

ОшМУнун Чыгыш таануу институту Өзбекстандын жогорку окуу жайлары менен кызматташууну өнүктүрүп, окумуштуулардын аталган өлкөнүн архивдеринде изилдөө жүргүзүүсүнө көмөк алуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу 27-октябрда Ташкент шаарында өткөн жолугушууда сөз болду.

Иш сапардын алкагында институттун директору Жолдошбек Бөтөнөев жана Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Султанбек Матназаров Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов менен жолугушту. Анда Чыгыш таануу институтунун Өзбекстандын жогорку окуу жайлары менен эки тараптуу байланыштарын өнүктүрүү, кыргызстандык чыгыш таануучулар менен тарыхчылардын архивдерде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсүнө шарт түзүү маселелери талкууланды.

Тараптар бул багыттарда кызматташып, илимий изилдөөлөрдү колдоого көмөктөшүү боюнча макулдашышты. Бул иштер тарыхый документтерди изилдөөгө, окумуштуулардын байланыштарын чыңдоого жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам берет. 

Маалымат үчүн: Дүйшөнкул Чотонов буга чейин ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана окутуучуларына онлайн форматта конок лекция окуган. «Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги» деген темада өткөн лекцияда элчи катышуучулардын суроолоруна да жооп берген.

fotoğraf Galerisi