Журналист Байыш Төлөнөвдун 70жаш мааракеси белгиленди

Anasayfa Haberler

Журналист Байыш Төлөнөвдун 70жаш мааракеси белгиленди

Image

Салтанатуу кече окуу жайдын Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде уюштурулду. Анда студенттер тарабынан концерттик программа тартууланып, Байыш Төлөновдун калемине таандык ырлар, чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды. Ошондой эле  калемгердин өмүр жолун чагылдырган видео тасма көрсөтүлдү.
Мааракеге университеттен  Инвестициялар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректор Жанболот Турсунбаев, Байыш Төлөновдун жакын санаалаштары, кесиптештери жана факультет жамааты катышты. 
Байыш Төлөнов, 1951-жылы 25-сентябрда Кара-Суу районунун Папан айылында туулган. 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институттун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолунда радио бөлүмүндө редактор, теледе редактор, комментатор, баяндамачы кызматтарын аркалган. Учурда «ЭлТР» Мамлекеттик телерадио компаниясында жаштардын насаатчысы болуп иштеп келет. Бир нече мамлекеттик сыйлыктардын жана «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамынын ээси.

Фото галерея