Ошто аялдардын облустук форуму өттү

Anasayfa Haberler

Ошто аялдардын облустук форуму өттү

Image

13-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда «Аял, үй-бүлө – улуттун уңгусу жана тиреги» аттуу Ош облустук аялдар форуму өттү.

Иш-чарада аялдардын коомдогу орду, ишкердикти өнүктүрүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана аялдарга байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, райондук аялдар кеңештеринин мүчөлөрү, Баатыр энелер, ишкер айымдар, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Жылдыз Таалайбек кызы куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Форумдун алкагында эки панелдик талкуу уюштурулду. Анда аялдардын ишкердиктеги орду, үй-бүлөлүк баалуулуктар, бала тарбиялоо, аялдардын жана балдардын саламаттыгы, билим берүү, ысырапкерчилик, зомбулуктун алдын алуу маселелери көтөрүлдү. Катышуучулар бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарын айтышты.

ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева аялдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду, жаш муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги тууралуу сөз кылды. Ошондой эле улуттук баалуулуктарды сактоодо билим берүү мекемелери менен коомчулуктун биргелешип иштөөсү маанилүү экенин белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө кыргыздын тарыхый инсандары, көрүнүктүү аялдары тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Жыйынтыгында үй-бүлөнү бекемдөө, аялдардын укуктарын коргоо, билим алуусуна жана ишкердик менен алектенүүсүнө шарт түзүү, эне-баланы колдоо, зомбулуктун алдын алуу боюнча сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды. Ошондой эле бир катар катышуучулар сыйлыктар менен сыйланышты.

fotoğraf Galerisi