ОшМУнун студенттери Польшада алты айлык практикадан өтүштү

Anasayfa Haberler

ОшМУнун студенттери Польшада алты айлык практикадан өтүштү

Image

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун агрономия жана ветеринария адистиктеринде окуган 15 студенти Польшада алты айлык окуу-өндүрүштүк практикадан өтүп келишти.

Студенттер Польшанын AgriCool 2026 эл аралык программасына сырткы академиялык мобилдүүлүктүн алкагында катышышты. Программа Green Crops Sp. z o.o. компаниясы жана Краков айыл чарба университетинин Инновациялар борбору менен биргеликте уюштурулган. Студенттерди окутуучу Гүлзада Саипкулова жетектеп барган.

Алты ай ичинде жаштар заманбап айыл чарба ишканаларында иштеп, өндүрүштүн жүрүшү, айыл чарбада колдонулган жаңы технологиялар жана азык-түлүк даярдоо жолдору менен таанышышты. Ошондой эле алган билимдерин иш жүзүндө колдонуп, кесиптик тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышты.

Бүгүн, 17-ноябрда программага катышып келген студенттер ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Жолугушууга окуу жайдын тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров жана институттун окутуучулары да катышты. Студенттер Польшадагы жашоо, окуу жана өндүрүштүк практика учурунда көрүп-билгендери, үйрөнгөн технологиялары, кесиптик тажрыйбалары тууралуу айтып беришти.

Ректор студенттерди эл аралык программаны ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, аларга сертификаттарды тапшырды. Ошондой эле Польшада үйрөнгөндөрүн университеттеги окуу процессинде, илимий иштерде жана кийинки өндүрүштүк практикаларда колдонууга чакырды. Кудайберди Кожобеков мындай эл аралык программалар студенттердин кесиптик жактан өсүшүнө, тажрыйбасын кеңейтип, дүйнөлүк эмгек рыногунда иштөөгө даяр болушуна жардам берерин белгиледи. Ал жаштарга мындан аркы окуусуна, иштерине ийгилик каалады.

AgriCool программасынын алкагында студенттер сезондук өндүрүш иштерине катышып, атайын окуу курстарынан да өтүшөт. Программа 72 академиялык сааттык билим берүү модулун, НАССР боюнча 30 сааттык жана GlobalG.A.P. боюнча 40 сааттык тренингдерди камтыйт. Мындан тышкары студенттер поляк тилин жана маданиятын үйрөнүү үчүн 30 сааттык сабактарга катышышат.

ОшМУ студенттердин чет өлкөдө билим алып, тажрыйба топтоосуна шарт түзгөн академиялык мобилдүүлүк программаларына катышууну улантууда. Университет быйыл да студенттерди AgriCool программасына жөнөтүүнү пландап жатат.

fotoğraf Galerisi