Petrozavodsk Devlet Üniversitesi ile İşbirliği

Anasayfa Haberler

Petrozavodsk Devlet Üniversitesi ile İşbirliği

Image

Корели Республикасынан  (Россия Федерациясы) келген 9 кишиден турган делегация 4-октябрда ОшМУда болушту.  Карели Республикасынын Маданият министринин биринчи орун басары Сергей  Соловьев жетектеген делегациянын курамында Петрозаводск мамлекеттик университетинин өкүлдөрү, маданият кызматкерлери жана журналисттер да бар. 
Делегация алгач ректор Кудайберди Кожобековдун кабыл алуусунда болушту.  Жолугушууда эки университеттин ортосунда 2017-жылы кабыл алынып, иштеп келе жаткан кызматташуу меморандуму, алмашуу программалары  боюнча пикир алышты. Ошондой эле кош дипломдуу билим берүү багытындагы алдыдагы кызматташтыктарды талкуулашты.
Коноктор Орус филологиясы жана Чыгыш таануу жана тарых факультеттеринде окутуучулар, студенттер менен жолугуп, конок лекция окушат. Студенттердин катышуусундагы маданий иш-чараларга катышат. 
Делегация Ош шаарына жана ОшМУга “Улуу Жеңиш. Эскерүү маршруту” маданий-агартуу форумунун алкагында келишкен. Форумдун сапары 6-октябрда Өзбекстанга болгон иш-сапар менен уланат.

Фото галерея