Yarışmanın kazananları Dubai'ye gidecek!

Anasayfa Haberler

Yarışmanın kazananları Dubai'ye gidecek!

Image

Университеттин мугалимдер күнүнө карата уюштурулган салтанатта "Мыкты  окутуучу-2021", "Мыкты  лектор-2021" конкурстарынын  жеңүүчүлөрү сыйланды. Ага ылайык, "Мыкты  окутуучу-2021" сынагы боюнча 1-орун Дубайга эс алууга жолдомо жана 40миң сом акчалай сыйлык МИТ факультетинин окутуучусу Абдимиталип уулу Кубатбек ыйгарылды. Ал эми 2-орунга  №2 факультеттер аралык Дене тарбия кафедрасынын доценти Бакытбек Кулуев, 3-орунга Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Эмил Сагынбаев ээ болду.  

"Мыкты  лектор-2021" конкурсу боюнча 1-орун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин доценти Айниса Акматовага, 2-орун Индустриалдык педагогикалык колледжнин доценти Токтайым Умурбековага,  3-орунду МИТ факультетинин доценти Бүажар Көчкөнбаевага берилди.

Ошондой эле, "Ош мамлекеттик университетиндеги дисциплинанын мыкты окуу методикалык комплекси-2021" номинациялары боюнча да жеңүүчүлөрү аныкталып, белектер тапшырылды.

 

Фото галерея