Profesyonel İtfaiyeci Eğitimi

Anasayfa Haberler

Profesyonel İtfaiyeci Eğitimi

Image

5-октябрь “Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” карата ОшМУнун “Экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздугу” кафедрасы студенттерге “Өрт кырсыгы катталганда  жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү жана калкты коопсуз жайга эвакуациялоо” аттуу машыгуу өткөрдү.

Алгач “Айгай” жарыяланып,  окуу корпусунун ичиндеги кызматкерлер жанга студенттер коопсуз жайга (эшикке) эвакуацияланды. Жабыр тарткандарга медицина факультетинин 3-курсунун студенттери алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүштү.

Машыгууну аталган кафедранын башчысы,  ОшМУнун Жарандык коргонуу штабынын  жетекчиси, доцент  Чынгызбек Мамажакып уулу  жетектеди.

Мындан сырткары атайын көргөзмө уюштурулду. Кырсык катталганда жана өзгөчө кырдаал учурунда колдонулуучу медициналык каражаттар, атайын кийимдер, эвакуациялоого керек болгон шаймандар, атайын максаттагы приборлор, аппараттар коюлду. Студенттерге, окутуучуларга алар менен иштөө тартиптери   түшүндүрүлдү.

Машыгуунун аягында  катышуучуларга  университетте  бул багытта  аткарылып жаткан иштер, буга чейин университет жетекчилиги астында  ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлгөн иш чаралар боюнча кеңири маалымат берилди.

Фото галерея