Osh Devlet Üniversitesi öğrencileri Türkiye'de okuyor

Anasayfa Haberler

Osh Devlet Üniversitesi öğrencileri Türkiye'de okuyor

Image

ОшМУ менен Түркия мамлекетинин Жумхурийет университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде ОшМУнун 22 студенти Жумхурийет университетине студенттик академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде окуп келүү үчүн жөнөп кетишти. 
Алар окуу жайдын Кыргыз филологиясы жана журналистика, Математика жана информациялык технологиялар, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультеттеринин жана Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери.
Жумхурийет университети Түркиянын Сивас шаарында жайгашкан. ОшМУдан барган студенттерди университеттин Эл аралык байланыштар департаментинин мүдүрү профессор, доктор Али Аксу тосуп алып, университеттин студенттик жатаканасына жайгаштырды.
Студенттик жатакана акысына, тамактануу талондорун алууга материалдык жеңилдиктер берилгендигин студенттер билдиришти. Мындан сырткары доктор Али Аксу биздин студенттерге конок катары сый көрсөтүп, аларды Түркиянын белгилүү туристтик жерлери болгон Каппадокияга акысыз саякатка алып бара тургандыгын билдирди.

Фото галерея