ОшМУнун профессору Самарканд мамлекеттик университетинде лекция окуду

Anasayfa Haberler

ОшМУнун профессору Самарканд мамлекеттик университетинде лекция окуду

Image

ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин деканы, профессор Абдурашит Низамиев 26-октябрдан 29-октябрга чейин Самарканд мамлекеттик университетинде "Географиянын негизги проблемалары" деген темада бир жумалык лекция окуду.

Аталган кызматташтык академиялык  мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулду.  Иш-сапардын алкагында профессор Самарканд мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору М.Г. Насиров,  география жана экология факультетинин деканы А.Х. Равшанов, кафедра башчы К.С. Ярашев менен жолугуп, адистиктер арасында академиялык мобилдүүлүк, билим берүү, илим багытында кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле аталган окуу жайда уюштурулган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, баяндама жасады.

Эми мындан ары да эки жайдын ортосунда профессорлордун конок лекцияларын уюштуруу, тажрыйба алмашуу, академиялык мобилдүүлүк багыттарында кызматташуулар ишке ашат.

Фото галерея