ОшМУ Витебск мамлекеттик ветеринардык медицина академиясы менен кызматташат

Anasayfa Haberler

ОшМУ Витебск мамлекеттик ветеринардык медицина академиясы менен кызматташат

Image

ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин айыл-чарба кафедрасынын профессору Абдуганы Абдурасулов  2-ноябрдан 6-ноябрга  чейинки аралыкта Беларусиянын Витебск мамлекеттик ветеринардык медицина академиясында уюштурулган эл аралык конференцияга катышып, «Кыргызстандын  айыл чарба малдарынын генетикалык ресурсу жана ветеринардык кызматтын өсүүсү” деген темада доклад жасады.
Иш сапардын алкагында  Витебск мамлекеттик ветеринардык медицина академиясынын ректору, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Николай Гавриченко менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө  эки окуу жайдын адистиктери ортосунда кызматташуу боюнча келишимге  кол коюшту. 
Келишимде студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, аспиранттар жана профессордук-окутуучулук курамдын билимин жогорулатуу жана илимий иштерди биргеликте жүргүзүү маселелери каралган.

Фото галерея