Корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттерге стипендия тапшырылды

Anasayfa Haberler

Корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттерге стипендия тапшырылды

Image

ОшМУга келген Бишкектеги Түштүк Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гван Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде болуп, корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттерге Корей Өкмөтүнүн стипендиясын тапшырды.

“Быйылкы жылы Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде "Филологиялык билим берүү" программасынын алкагында корей тили профили боюнча абитуриенттер кабыл алынган. Учурда адистикте 9 студент билим алып жатышат. Корей Өкмөтүнүн стипендиясы бир жылда бир ирет берилет. Стипендиянын өлчөмү жалпы республикалык тестирлөө менен аныкталат. 105 баллдан 175  баллга чейин алган студенттер 400 доллар,  175 баллдан 205 баллга чейин алган студенттер 800 доллар, 205 балдан жогору балл алган студенттер 1200 доллар стипения алышты. Мындан сырткары Корей Өкмөтү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 1-курстагы экзамендердин  жыйынтыгы менен жалпы жетишүүсү 3,8 GPA ден жогору болгон студенттерге да стипендия белгилеген”,-деди Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Сабыркул Калыгулова.

  Корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттер 2-курстан тартып академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларынан I семестр окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө да  ээ.  

Бишкектеги Түштүк Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гван ОшМУнун ректорунун 
милдетин убактылуу  аткаруучу Тажимамат Эркебаев менен да жолукту. Алар буга чейин түзүлгөн меморандумдун алкагында ишке ашып жаткан  кызматташтыктар боюнча пикир алышты.

Фото галерея