Мобилдүүлүк боюнча ОшМУга келген студенттерге спорттук мелдеш уюштурулду

Anasayfa Haberler

Мобилдүүлүк боюнча ОшМУга келген студенттерге спорттук мелдеш уюштурулду

Image

“Ош декларациясынын” жана эки тараптуу келишимдердин негизинде ОшМУга ички академиялык мобилдүүлүк боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Ысык-Көл мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети. Жалал-Абад мамлекеттик университети, К. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, Кыргыз-Өзбек мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университетинен окуганы келген студенттер үчүн эл аралык байланыштар департаменти спорттук мелдеш өткөрдү. Мелдештер спорттун  волейбол, футбол, шахмат, тогуз коргоол түрлөрү боюнча өттү. Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн студенттер, командалар дипломдор менен сыйланышты.

“Мелдештин максаты студенттерге интеллектуалдык, маданий билимдерди берүү менен бирге, спорттук оюндар аркылуу аларды сергек жашоого үндөө жана алардын ортосундагы достук мамилени чыңдоо болуп саналат”, -дейт эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев.

 

Фото галерея