VIII Bölgesel Öğrenci Bilimsel Konferansı Osh Devlet Üniversitesinde Gerçekleştirildi

Anasayfa Haberler

VIII Bölgesel Öğrenci Bilimsel Konferansı Osh Devlet Üniversitesinde Gerçekleştirildi

Image

30 Kasım'da Oş Devlet Üniversitesi'nde VIII. Bölgesel Öğrenci Bilimsel Konferansı "Öğrenci, Bilimsel ve Teknolojik İlerleme" düzenlendi.

Конференцияга  түштүк аймагындагы  жогорку окуу жайларынан, Ысык-Көл мамлекеттик университетинен алдыңкы студенттер, магистранттар жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, илим, аспирантура  бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарындагы окуу жайлар, БатМУ, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окумуштуулары жана студенттери онлайн катышышты.

Пленардык жыйында  ОшМУнун студенти Авазбеков Бектурсун  “Ковид-19 менен ооруган бейтаптардын компьютердик томографиясынын маалыматтарынын радиациялык жана дифференциалдык диагностикасы”, БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун студенти Канимет Токсонбаева «Элдик ырлардагы жаш муундарды тарбиялоо идеялары (Сүлүктү жана Лейлек чөлкөмдөрү боюнча)», К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин студенти Актан Айтикулов «Развитие креативной экономики в регионах Кыргызской Республики», Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенти Элнура Жоробекова «Талибан кыймылы жана анын азыркы учурдагы коркунучу» деген темаларда баяндамаларды жасашып, конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.

Конференциянын иши илимдин бир нече багыттары боюнча иш алып барган 16 секцияда уланды.

“Аймактык студенттик илимий конференция ОшМУда салтка айланган иш-чара катарында жыл сайын өткөрүлүп келет.  Иш-чаранын максаты – студенттерди илимий-изилдөө иштерине тартуу, алардын билимин тереңдетүү, билгичтиктерин, көндүмдөрүн практикада колдоно билүүгө калыптандыруу болуп эсептелет. Ошону менен бирге бул иш-чара студенттердин идеяларын бириктирүүгө, илимге кызыккан жаштардын байланыштарын жандандырууга өбөлгө түзөт.  Конференцияга 400гө жакын  илимий макалалар түшүп, алар пленардык жана секциялык жыйындарда талкууланды жана мыкты баяндамачыларга дипломдор ыйгарылды”, − деди Аспирантура бөлүмүнүн башчысы, конференциянын уюштуруучусу Гүлжамал Анарбаева.

fotoğraf Galerisi