10 Aralık Dünya İnsan Hakları Günü

Anasayfa Haberler

10 Aralık Dünya İnsan Hakları Günü

Image

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты «10-декабрь-Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгы, Кыргыз Республикасында Акыйкатчы институтунун иш-аракеттери» деген темада конференция өткөрдү. Иш-чараны ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова ачты.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамбет Касымов, аталган өкүлчүлүктүн эксперти Талантбек Тургунбаев, Өкмөттүн Кыйноолордун алдын алуу борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча эксперти Улукбек Абдулазизов, ОшМУнун юридика факультетинин окутуучусу Советбек Миңбаев катышты. Коноктор студенттерге Акыйкатчы институтунун орду жана иш-аракеттери, адамдын  укуктары, милдеттери боюнча айтып, Адам укуктары боюнча декларация менен  тааныштырган презентацияларын жасашты. Студенттер менен биргеликте теманын алкагында талкуу болду.

Ош мамлекеттик университетинин акыйкатчы аппараты 2007-жылы 10-декабрда түзүлгөн. Окуу жайдын студенттеринин конституциялык, академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылуу, студенттерди укуктук жактан агартуу иш-аракеттерин алып барат.

Конференция 10-декабрь - Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынган күнүнө  карата өткөрүлдү.

fotoğraf Galerisi