Oş Devlet Üniversitesi sendikasının çalışmaları değerlendirildi

Anasayfa Haberler

Oş Devlet Üniversitesi sendikasının çalışmaları değerlendirildi

Image

Кыргыз  Республикасынын Билим,  илим  кызматкарлеринин  борбордук  комитети  жыл жыйынтыгын чыгарды.  Ага жети областтын  Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы доцент Абсамат Саттаров КРнын Билим, илим кызматкерлеринин мыктысы “Ардак грамотасы”  жана  кол  сааты менен сыйланды.

Жыйында Абсамат Саттаров жыл ичинде ОшМУнун  мугалимдери  үчүн  арзандатылган жер тилкелери жана ипотекалык негизде үй алып берүү,  акысыз  жана элүү пайыздык төлөм  менен  Кыргызстандын  кооз жерлерине, эс  алуу үчүн  жана дарылоонуучу жайларга (Ыссык –Көлгө, Жалал-Абад курортуна жана Мамакеев санаториясына)  мугалимдерди жиберүү багытында жасалган иштерди айтты. Ошондой эле ОшМУнун профилакториясында оңдоп – түзөө иштерин жүрүп , мүмкүнчүлүгүү  чектелген  мугалимдерге  жана студенттерге  акчалай жардам   көрсөтүлгөндүгү белдирди. 2021-жылы окуу жайдын 42 мугалими Ысык-Көлдөгү  “Кызыл Гвоздика” эс алуу жайына  акысыз  эс  алууга жөнөтүлгөн, андан сырткары жылына 200дөй мугалимге элүү пайыздык төлөм менен жолдомолор берилип келет. Жылына 500дөн  ашуун  студенттер кесиптик кошуун уюмунун көзөмөлдөөсү  менен   профилакторияга кабыл алып, алардын  тамак ашына жана дарылануусуна шарт түзүлгөндүгү айтылды.

ОшМУда кесиптик бирликтин аткарган иши Билим, илим  кызматкарлеринин  борбордук  комитетинде жогору бааланды.

fotoğraf Galerisi