Üniversite Bilim Geliştirme Ödülleri

Anasayfa Haberler

Üniversite Bilim Geliştirme Ödülleri

Image

ОшМУнун илим-изилдөө бөлүмү Илим күнүнө карата сыйлоо иш-чарасын өткөрдү. Мында докторлук жана кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргоп, илим-изилдөө иштеринде жетишкен ийгиликтери үчүн докторлук жана  кандидаттык диссертация коргогон окутуучуларга дипломдор берилди. 
Ал эми 2020-2021-жылдарда жарык көргөн эмгектер үчүн өткөрүлгөн  “Мыкты монография -2021”, ”Мыкты окуу куралы-2021”, “Мыкты окуу усулдук колдонмо-2021” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө жана министрликтин грифи менен чыккан китептердин авторлоруна сертификат, акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды.
Эл аралык деңгээлде университеттин рейтингин көтөрүүгө кошкон салымы үчүн 2020-2021-жылдарда SCOPUS жана Web of Science базасындагы илимий  басылмалардан жарык көргөн эмгектери үчүн илимий макалалардын авторлоруна сертификат  жана акчалай сыйлык  ыйгарылып, концерттик программа менен коштолду.

fotoğraf Galerisi