ЖОЖ жана мектеп билим берүү стандарттарынын шайкештиктери жана айырмачылыктары

Anasayfa Haberler

ЖОЖ жана мектеп билим берүү стандарттарынын шайкештиктери жана айырмачылыктары

Image

ОшМУнун Чыгыш таануу жана тарых факультетинде "ЖОЖ жана мектеп билим берүү стандарттарынын шайкештиктери жана айырмачылыктары (Кыргызстан тарыхы дисциплиналарынын мисалында) " деген темада тегерек стол өттү. 
Тегерек столго Ош облусунун аймагындагы мектептердин тарых предметинин мугалимдери катышты.  Кафедранын окутуучусу Нурсултан Кубанычбек уулу  “Тарых профили багытындагы адистерди даярдоодо окутулган кыргызстан тарыхы дисциплиналары, алардын мектеп программасы менен жалпылыгы", Ош облустук билим берүү институтунун тарых, адам жана коом кабинетинин башчысы Эңсегүл Ураимова "Мектептерде кыргызстан тарыхын окутуунун учурдагы абалы: көйгөйлөр жана ийгиликтер" деген темада баяндама жасашты. 
Иш чараны Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Талант Шаанов уюштурду.

fotoğraf Galerisi