Osh Devlet Üniversitesi ile Pamukkale Türk Üniversitesi arasında ilişkiler kuruluyor

Anasayfa Haberler

Osh Devlet Üniversitesi ile Pamukkale Türk Üniversitesi arasında ilişkiler kuruluyor

Image

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев жетектеген делегация ОшМУга келди. Делегациянын курамында “Имам Серахси” эл аралык ислам маданияты жана мурасы фондунун президенти Мехмет Сыддык Акшит, Евразия жазуучулар союзунун президенти Якуп Өмероглу жана коомдук ишмерлер бар.

“Имам Серахси” эл аралык ислам маданияты жана мурасы фонду ОшМУ менен Имам Сарахсинин эмгектерин кыргыз тилине которуу багытындагы биргеликте аткара турган иштери тууралуу пикир алышты.

Ректор Кудайберди Кожобеков окуу жайдын Түркиядагы ЖОЖдор менен болгон байланыштары  жөнүндө маалымат берди.

Алдыда ОшМУ Түркиядагы эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Памуккале университети менен билим берүү, илим, маданият, академиялык мобилдүүлүк багытында эки тараптуу кызматташуу келишимин түзөт.

Памуккале университети инженерия, экономика, табигый жана коомдук илимдер, искусство, педагогика жана техникалык тармактар боюнча адистерди даярдайт.

 

 

 

fotoğraf Galerisi