Genç öğretmenlere eğitim

Anasayfa Haberler

Genç öğretmenlere eğitim

Image

17-18-февралда  ОшМУнун илимий- изилдөө бөлүмүнүн алдындагы жаш илимпоздор кеңеши “Аудитория менен эффективдүү өз ара аракеттенүү” (Эффективное взаимодействие с аудиторией) деген темада тренинг өткөрдү. 
Тренингди ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев  ачып, катышуучуларга мындан ары жаш окумуштууларды колдоого даяр экендигин билдирди.
Иш-чарага медицина, бизнес жана менеджмент, педагогика,психология жана дене тарбия факультеттерининн, медициналык коллеждинин жана эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин 30га жакын жаш окутуучулары катышты.
Тренингдин максаты жаш мугалимдерге, магистранттарга педагогикалык психологиялык баарлашууну жана эл аралык уюмдар менен долбоорлорду түзүүдө  гранттарды тартууну үйрөтүү болуп саналат.
Жыйынтыгында,  баяндамачыларга ыраазычылык кат, ал эми тренингдин катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.

fotoğraf Galerisi