Oş Devlet Üniversitesi'nde "Koş Cıldız" (Кош Жылдыз) yarışması

Anasayfa Haberler

Oş Devlet Üniversitesi'nde "Koş Cıldız" (Кош Жылдыз) yarışması

Image

8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата ОшМУда профессордук-окутуучулук курам үчүн Ош улуттук драма театрында  «Кош Жылдыз» кароо-сынагы өттү.
Салтанаттуу кечеде окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жамаатта эмгектенип жаткан айымдарды куттуктап, университеттин өсүп-өнүгүүсүндө жамааттагы айымдардын орду эбегейсиз экендигин белгиледи. 
Сынакка жобого ылайык факультет, колледждерден бир айым же бир мырза катышып, эки структурадан бир жуп болуп даярдык көрүшкөн.
Сынак саламдашуу, таланттуу кош жылдыз, ийкемдүү кош жылдыз  деген тапшырмаларды камтыган  үч турдан орун алды. Калыстар тобунун курамын хареографтар жана маданият тармагынын өкүлдөрү түзүштү. 
Жыйынтыгында “Кош Жылдыз” кароо-сынагында 1-орунду эки жуп Өзгөн медициналык колледжинен Мизахид Маматжанов, Индустриалдык-педагогикалык колледжинен Джеңишбекова Айтунук, Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинен Маматкалыков Бекбол, Медициналык колледжден Мурзакулова Саламат, 2-орунду Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинен Медет Исаев, Математика жана информациялык технологиялар факультетинен Абдималик кызы Жаркынай,  3-орунду  Медицина факультетинен Сыдыков Мурат жана «Үмүт» телестудиясынан Айпери Керезбек кызы ээлешти. Жеңүүчүлөр жана мыкты катышкан катышуучулар уюштуруучулардын акчалай сыйлык жана баалуу белектерине ээ болушту. Аталган кароо-сынактын байге фонду 100 000 сомду түздү.
Кароо-сынак окутуучуларга моралдык дем берүү, эстетикалык табитин арттыруу, окутуучулардын сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, структуралар аралык ынтымакты, достукту бекемдөө максатында студенттик коомчулук менен иштөө боюнч проректору Жылдыз Артыкова тарабынан демилгеленип уюштурулган.

Фото галерея