ABD üniversitesinden İngilizce dil kursu

Anasayfa Haberler

ABD üniversitesinden İngilizce dil kursu

Image

АКШдагы Миссури университети менен ОшМУнун тийиштүү жетекчилеринин ортосунда онлайн жолугушуу болду.  Жыйынга аталган окуу жайдын эл аралык программалар боюнча вице-проректору, эл аралык борборунун директору, профессор Мэри Стегмайер жана анын жардамчылары,  ал эми ОшМУдан  эл аралык байланыштар департаментинин директору А. Абдувалиев, тиешелүү факультеттердин декандары, структура жетекчилери, студенттер катышты.

Жолугушуу кызматташуу алакаларын талкуулоо жана Миссури университетинин англис тилин интенсивдүү үйрөтүү борборунун жана стипендиялык программаларынын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу максатында уюштурулду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө англис тили борбору боюнча кеңири маалыматтар айтылып, англис тилин үйрөнүүнү каалаган студенттер АКШда бир семестрден бир жылга чейин билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги айтылды. Бул маалыматтар төмөнкү сайттарда камтылган:

- https://international.missouri.edu/asia/miti-students/lead/     

- https://international.missouri.edu/cell/intensive-english-program/

- https://gradschool.missouri.edu/   

Миссури университети 1839-жылы түптөлгөн. Анда 30 000ге жакын студент 270 адистик боюнча билим алышат. 14 400 студент чет өлкөлүк студенттер.

Жыйынды  дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин мурунку деканы, Фулбрайт программасынын катышуучусу Сабыркуль Калыгулова алып барды. Миссури университети менен ОшМУ 2022-жылдын 13-январында кызматташуу меморандумуна кол койгон.

Фото галерея