Oş Devlet Üniversitesi çalışanları şenlikli bir gösteriye katıldı

Anasayfa Haberler

Oş Devlet Üniversitesi çalışanları şenlikli bir gösteriye katıldı

Image

1-май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнүнө карата Ош шаарынын борбордук аянтында марш уюштурулду. Иш-чарага ОшМУнун эмгек жамааты да катышты.

“Тынчтыктын, жаздын, эмгектин символу катары бул күн муундан-муунга жүрөктөрдө сакталып келатат. Майрамдык маршка чыккан ким болбосун - тилине, тегине, динине карабастан, тилектеш, тагдырлаш, максатташ экенин сезишти. Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн марш Профсоюздардын Ош облустук кеңеши тарабынан демилгеленип уюштурулду”,-деди ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы А.Саттаров.

Кыргызстанда 1-май майрамы биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Бүгүнкү күндө бул күн майрам катары дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленип келет.

Фото галерея