Yetenekli gençlere destek

Anasayfa Haberler

Yetenekli gençlere destek

Image

Президент Садыр Жапаров дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөн кыргызстандык жаштар үчүн 50 миң доллардын тегерегинде стипендиялар каралып жатканын билдирди.
Президент "Эл үмүтү" аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча жарлыкка кол койгондугун айтты.
Анын алкагында, дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөн жаштар үчүн атайын стипендиялар каралат. Азырынча 50 стипендияны бөлүштүрүп туруу каралган.
Стипендиянын көлөмү тандап алган университетке жараша болот. Бирок эң жогорку суммасы 50 миң доллардан ашпашы керек. Экономика, гуманитардык адистиктер боюнча да болот, бирок, артыкчылык көбүрөөк техникалык жана инженердик багыттарга берилет.                                                                                                                                                                                 Өлкө башчысынын тапшырмасы менен азыркы учурда өкмөт дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу максаттуу келишимдерди иштеп чыгууга киришти. Ал окуу жайларга да биздин студенттер жөнөтүлөт.

Маалымат Садыр Жапаров баракчасынан алынды