Cumabai Sagındıkov'u Anma Günü

Anasayfa Haberler

Cumabai Sagındıkov'u Anma Günü

Image

ОшМУнун Математика жана информациялык технологиялар факультетинде өткөн «Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери жана алардын колдонулуштары” аттуу VI илимий практикалык конференциясы Жумабай Сагындыковду эскерүүгө арналды.

Конференцияга республикадагы жогорку окуу жайлардан келген  окумуштуулар, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, аспиранттар, студенттер, Жумабай Сагындыков агайдын үй-бүлөсү, жакындары, достору, кесиптештери, шакирттери катышты.

Илимий иш-чарада ОшМУнун сырттан окуу боюнча проректору, профессор Т.Жумабаева, окуткан окутуучусу, профессор  С.Каримов, профессор К.Матикеев,  профессор К.Зулпукаров, куратору, Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору М. Алтыбаева, досу, курсташы, профессор К. Осмоналиев жана башка кеченин катышуучулары эскерүү сөздөрүн айтып, Жумабай Сагындыков агайдын адамгерчилиги, ишмердүүлүгү, чыгармачылыгы, жетекчилик сапаттары боюнча сөз кылып, анын кийинки муунга калтырып кеткен изи унутулбай тургандыктарын белгилешти. Иш-чарасында Жумабай Сагындыков агайдын өмүрү, чыгармачылыгына арналган  эскерүү баяндары камтылган видео тасма көрсөтүлдү.

Конференциянын пленардык отурумунда илимий баяндамалар окулду, күндүн экинчи жарымы секциялык иштер менен уланат.

Жумабай Сагындыков ОшМУнун математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин өсүп-өнүгүшүнө 30 жыл бою тынымсыз салым кошкон жетекчи инсан, ондогон жаш илимпоздорго, жүздөгөн жаш окутуучуларга устат-педагог, миңдеген математика адистигин аяктаган адистердин сүйүктүү агайы болгон.

Математика жана информациялык технологиялар факультетинде өтүүчү илимий жумалык 13-майда жыйынтыкталат.

Фото галерея