Oş Devlet Üniversitesi'nde şiir akşamı

Anasayfa Haberler

Oş Devlet Üniversitesi'nde şiir akşamı

Image

ОшМУда КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалынын ээси, акын Атантай Акбаров менен Маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык М.Шолохов атындагы сыйлыктын ээси, акын, обончу, котормочу Өктөм Калыеванын “Жүрөк майрамы” аттуу атуу лира-муза кечеси болуп өттү.

Өктөм Калыеванын 60 жылдыгына арналып өткөрүлгөн кош таланттын чыгармачылык кечесине Казакстандан келген акындар Алибек Шегебай, Саят Камшыгер баштаган кыргыз-казак калемгерлери,  ОшМУнун жамааты, студенттер, акын курсташтары, кластташтары, жакын-санаалаштары, үй-бүлөсү катышты.

Иш-чараны ачып берген ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова лира-муза кечеси ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, чыгармачыл үй-бүлөлөр, “Эгиз жүрөк”, “Кош жүрөк” аттарын алып жүрүүчү эки акындын чыгармачылыгына, ошондой эле Өктөм Калыеванын 60 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жаткандыгын белгиледи.

ОшМУнун мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору Ташболот Жороев  эки акындын курсташы экендигин айтып, кечеге катышып жаткан студенттерди ушундай чыгармачыл инсандардын студенттик мезгили, сүйүүсү, ийгиликтери тууралуу тааныштырып, келечекте ушундай мыкты инсандардан болууга чакырып өттү.

Чыгармачылык кеченин коноктору Атантай Акбаров жана Өктөм Калыева ыр күйөрмандарына басып өткөн өмүр жолу, чыгармачылыктары тууралуу айтып, ырларын окуп беришти. Акындардын калеминен жаралган обондуу ырдар жаңырды. ОшМУнун таланттуу студенттери авторлордун ырларын  көркөм окуп беришти.

Фото галерея