Film akademisi ekibi ulusal ödül aldı

Anasayfa Haberler

Film akademisi ekibi ulusal ödül aldı

Image

ОшМУнун киноакадемиясынын  жамааты  Ж.Сыдыковдун “Өлүп тирилгендер” спектаклын коюп, “Эргүү”  улуттук сыйлыгында жаштар ойногон “Эң мыкты спектакл” номинациясын  жеңип алышты. Ал эми студент Сезим Эшинбек кызы жаштар ойногон спектаклдеги “Эң мыкты ролу” үчүн номинациясына татыды. 
“Эргүү” улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи 13-майда Бишкекте Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма  театрында өттү. Иш-чарага бардык аймактардан театр жана оюн-зоок мекемелеринин чыгармачылык жамааттары катышты.
"Эргүү" сыйлыгы 2014-жылдан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана "Айтыш" коомдук фонду биргеликте тапшырып келет.Быйыл бул сыйлык сегизинчи ирет тапшырылды.
Киноакадемиянын жамааты жыл сайын уюштурулуп жаткан студенттик спектаклдердин республикалык «Жаңы ысымдар» февтивалында «Мыкты дебют», «Мыкты актриса», «Эң мыкты аялдын образы» наамдарын алган.

Фото галерея