Oş Devlet Üniversitesi Meslek Lisesi №12 elden geçirilecek

Anasayfa Haberler

Oş Devlet Üniversitesi Meslek Lisesi №12 elden geçirilecek

Image

Ушул жылдын 17-май күнү ректор К.Кожобеков №12 кесиптик лицейинин жамааты менен жолугуп, баарлашты. Кудайберди Кожобеков жакынкы күндөрү лицейде толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, билим берүү процессин жүргүзүү үчүн шарттар түзүлөрүн маалымдады.

Оңдоо түздөө иштерине ОшМУ каражат бөлөт. Ошондой эле дуалдык окуу формасын өнүктүрүү (окуу процесс жумуш орунда жүргүзүлөт), өндүрүш багыттарын ачуу, билим процессин жакшыртууга басым жасалат.                   

Билим берүү жана илим министрлигинин чечими жана ОшМУнун макулдугу менен Ош шаарындагы №12 кесиптик лицей Ош мамлекеттик университетинин кармагына өткөн.

Бүгүнкү күндө №12 кесиптик лицейинде 700гө жакын социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдары билим алат. Лицейде ширетүүчү, тигүүчү, жыгач уста, электромонтер, ашпозчу жана  чачтарач багыттары боюнча кенже адистер даярдалат. Ошол эле учурда жалпы билим берүү программалары да камтылган (9-12-класстар).

Кесиптик лицей 1956-жылы ачылган Ош шаарында №2 курулуш мектеби 1962-жылы курулуш мектебинин окуучуларынын саны 350дөн ашкандыгына байланыштуу  №12 Кесиптик окуу жайы болуп кайра түзүлгөн. Ал эми 1988-жылы кайрадан  №12 кесиптик лицейи болуп өзгөртүлгөн.

fotoğraf Galerisi